2020-жылдын 12-октябрь күнү саат 00:36 чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракаттарынан улам үч жаран түшкөнү тууралуу Токмок шаарынын ИИБнө маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Токмок шаарынын ИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү” боюнча кылмыш катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46-жаштагы И.М. аттуу аял анын күйөө баласы 36-жаштагы Н.А. жана 27 жаштагы К.М. аттуу аял киши да жаракт алган.
Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатышат.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.