2019-жылдын 16-сентябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

2015-жылдын октябрь айында Кемин районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, бычактын жаракатынан улам каза болгон эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кемин районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүү учурунда ал денесинде жаракаттар аныкталып, анын өздүгү такталып, Тегирменти айылынын жашоочусу 52 жаштагы А.К. экендиги аныкталган. Бул окуя Кемин районунун ИИБүнө катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кемин районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 4 жыл мурда болгон киши өлтүрүүгө шектелип, ошол эле айылдын жашоочусу 51 жаштагы О.С. кармалган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуя ич ара келишпестиктен улам орун алганы маалым болгон. Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *