Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кеңешме залында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Волкова Светлана Борисовна, Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамы, ошондой эле башка коноктор …
Read More »Monthly Archives: September 2019
Мыйзамсыз курал-жарак жок. Биз өз өмүрүбүздү жана жашообузду коопсуз кылабыз.
Мыйзамсыз курал-жарактарды, ок-дарыларды сатууга, жүгүртүүгө катуу чаралар көрүлүп, кылмыш жоопкерчилиги жана башка жоопкерчиликтер каралганы менен курал-жаракка байланыштуу мыйзамсыз аракеттер уланып келүүдө. Андыктан Чүй облусунун аймагында кылмышты алдын алуу, катталган кылмыштардын бетин ачуу ошондой эле мыйзамсыз курал-жарактарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактаган колдонгон жаранды аныктоо максатында ыкчам алдын алуу иш-чарасы башталды. Андыктан Чүй облусунун ИИББы эскертет! Таап алынган жана мураска калган …
Read More »Чүй облусунун ИИББы: Кемин районунда өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектүү Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кармалды
2019-жылдын 22-сентябрь күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 57 жаштагы жергиликтүү жашоочу аял арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган небереси И.А. 20-сентябрь күнү үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө жардамдашууну суранган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн …
Read More »Чүйдө “Салам мектеп” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө
Чүй облусу боюнча мектепке барбай жүргөн окуучуларды аныктоо, аларды билим берүү мекемелерине тартуу жана кароосуз калган балдарды ошондой эле кайырчылык менен алектенгендерди алдын алуу үчүн 2019-жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрга чейин “Салам мектеп!” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага Чүй облусу боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринен 350 кызматкер, андан сырткары билим берүү мекемелеринен 140 өкүл жана өспүрүмдөр иштери боюнча …
Read More »Аламүдүн районундагы мектептерде “Жөө өткөөл” аталышындагы алдын алуу иш-чаралар өткөрүлүүдө
Жол кырсыктарынын анын ичинде жөө жүргүнчүлөр катышкан кырсыктарын алдын алуу максатында, жаш өспүрүмдөгө жол эрежелерин сактоону жана жолдо жүрүүнүн маданиятын түшүндүрүү үчүн Аламүдүн районунун ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы Аламүдүн району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте “Жөө өткөөл” аталашындагы алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү үчүн бекитилген милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана …
Read More »2019-жылдын 16-сентябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында киши өлтүрүүгө шектүү кармалды
2015-жылдын октябрь айында Кемин районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, бычактын жаракатынан улам каза болгон эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кемин районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүү учурунда ал денесинде жаракаттар аныкталып, анын өздүгү такталып, Тегирменти айылынын жашоочусу 52 жаштагы А.К. экендиги аныкталган. Бул окуя Кемин районунун ИИБүнө катталып, Кыргыз …
Read More »Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы эл менен жолугушуу өткөрдү
2019-жылдын 10-сентябрь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Дружба жана Жер-Казар айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Милициянын көчмө кабылдамасында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, райондук билим берүү бөлүмүн өкүлү, социалдык кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар катышышты. Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан милиция кызматкерлерине жана социалдык кызматкерлерге суроолор берилип, тиешелүү жоопторду …
Read More »Жайыл районунда эки кишиге бычак сайды деген шек менен 43 жаштагы аял кармалды
2019-жылдын 26-август күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам эркек киши жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Жабырлануучунун өздүгү такталып, ал 25 жаштагы С.В. экендиги аныкталып, бычактан жаракат алганы маалым болгон. Бул окуя кылмыштардын жана …
Read More »