Monthly Archives: October 2019

Чүй ОИИББы: Панфилов районундагы катталган бейбаштыка шектелип жергиликтүү үч жашоочу кармалды

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган окуя боюнча, жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Чалдовар айылынын жашоочулары 29 жаштагы Б.А., 26 жаштагы Т.Б. жана 23 жаштагы А.Ч. аттуу жарандар кармалышып, сот тарабынан камакка алуу боюнча чечим кабыл алынган. Учурда Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо үчүн ар …

Read More »

Эл аралык карылар күнү Чүй облусунун ИИББда белгиленди

1-октябрь эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өткөрүү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында жыл сайын белгиленип келгендиктен, бул жолу Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович облустук ИИББда кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер менен жолугушуп, аларды бүгүнкү майрамдары менен куттуктады. Жолугушууда ардагерлер жаңыдан кызматка орношкон милиция кызматкерлерине тажрыйбалары менен бөлүшүп, эл ичинде ички …

Read More »

Чүй ОИИББы: Сокулук районундагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, мушташтын катышуучулары такталууда

Сокулук районундагы жаш балдар арасындагы мушташ боюнча чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында мушташка катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Андан сырткары териштирүү иштеринин жүрүшүндө мушташ Сокулук районунун Орок жана Джал айылындагы кыргыз улутундагы жаш балдардын ортосунда пикир …

Read More »

Чүй ОИИББы: Атайын иш-чара жүргүзүү учурунда каршылык көрсөтүлгөн

2019-жылдын 28-сентябрь күнү эртең менен Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө 102 номери аркылуу телефон чалуу болуп, Чалдовар көзөмөл өткөрүү пункунда белгисиз адамдар тарабынан укук коргоо органдарына каршылык көргөзүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  Панфилов РИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке  чыгышып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын …

Read More »