Monthly Archives: May 2020

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр көп узабай кармалышты

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында каракчылыкка шектүү жарандар аз убакыттын ичинде колго түшүрүлгөн. 2020-жылдын 26-май күнү болжол менен саат 15:28 чамаларында Аламүдүн районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө каракчылык фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде райондук ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө,болжол менен …

Read More »

Сокулук районундагы үйлөрдүн биринде 73 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган

2020-жылдын 20-май күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта алдын алуу иштерин жургүзүү учурунда жергиликтүү жашоочулардын биринин жансыз денеси өз үйүндө жашырылгандыгы тууралуу ыкчам маалымат угуп, текшерүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы маалымат такталып, дароо 20-май күнү болжол менен саат 21:30 чамаларында Сокулук районунун ИИБдүн  нөөмөт бөлүгүнө окуя тууралуу билдирген. Бул маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу …

Read More »

Аймактык тескөөчү Руслан, айыл тургундары менен ар дайым байланышта

Ички иштер органдарында эл менен эң жакын жана тыгыз иш алып барган кызмат аймактык тескөөчү (участковый) экенин баары жакшы билишет. Ушул аймактык тескөөчүлөрүнүн элге  жасаган мамилесинен, жүрүм-турумунан, жумушуна болгон жоопкерчилигинен улам коомчулук ички иштер органдарына баа берээри да бышык. Бүгүн биз эл менен тыгыз иш алып барып, жашоочулардын ишенимине татыган Чүй райондук ИИБдүн аймактык тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Таалайбек уулу …

Read More »

Милициянын ага сержанты Асанбек уулу Санжар атасынын жолун жолдоп ички иштер органдарында кызмат кылууну кыялданган

Ички иштер органдарына арыз даттануулар жана башка билдирүүлөр менен кайрылган жарандар алгач нөөмөт бөлүгүнө кабылышат. Нөмөт кызматкерлери жарандардан түшкөн баардык кайрылуулардын кабыл алып, аларга тиешелүү чараларды көрүү үчүн ИИОнун башка кызматтарына көрсөтмөлөрдү берип, күнү-түнү телефон кабыл алышып, жарандарды кабыл алышат. Ошол эле нөөмөт бөлүгүнө караштуу имарат кайтаруу кызматкерлери көп жумуштарды аткарышаарын баары биле бербесе керек. Ички иштер органдарына ким болбосун …

Read More »

Өзгөчө кырдаалдын талаптарын сактоо илдетти алдын алууга кошкон салым экенин Сокулук милициясы эскертишүүдө

Чүй облусунун бардык райондорунда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин улантышууда. Сокулук районунда жашоочуларга милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чараларга жергиликтүү жашоочулар да катышышып, эскертүү иштерин улантышты. Рамазан айына карата чогулуп ооз ачар уюштурууга, эс алуучу жайларда топтолушуп убакыт өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганын …

Read More »

Москва районунун милиция кызматкерлерине жергиликтүү жашоочу ыраазычылык билдирди

Чүй облусунун ички иште башкы башкармалыгына Москва районунун жашоочусу Көчөрбаевдердин үй-бүлөсү кайрылып, Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жана жетекчилигине уурдалган автоунаасын бир канча убакыттан соң табышып, кайтарып бергени үчүн  сүйүнүшүп ыраазычылыктарын билдирүү үчүн келишкен. Ыраазычылык катта, март айынын башында алардын “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнүн алдында токтоп турган жеринен белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билишип, дароо Москва районунун ИИБгө арыз менен …

Read More »

Чүй районун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин улантышууда

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери күн сайын жергиликтүү калк арасында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Дем алыш күндөрү коомдук жайларга чыгышкан жарандага Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери зарыл жумуштар жок болсо эс алуудан убактылуу баш тартууга чакырышып, көчөлөрдө жана коомдук жайларда алдын алуу рейд өткөрүшүп, жергиликтүү жашоочуларга эскертүү ирээтинде чектөө чаралары жөнүндө айтып кетишти. Коомдук …

Read More »

Сокулук районундагы таксисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалышты

ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук райондук ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 24 жаштагы такси айдоочуну өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты. 2020-жылдын 12-март күнү ички иштер органдарына болжол 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизенде Сокулук районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу Белек айылына жакын жерден жансыз денени табышып, …

Read More »

Москва районунда алдын алуу иштери улантылууда

Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардан куралган ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар арасында коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу иштерин тынымсыз улантып келишүүдө. Андан сырткары ыйык рамазан айында кызматкерлер коомчулук менен жолугушуп, топтолуп иш-чараларды өткөрүүгө кырдаал турукташканча мүмкүн эместигин түшүндүрүшүүдө. Аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу жаратылышта эс алууну каалагандар да көбөйүүдө. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери, көлмөлөрдө жана …

Read More »

Токмок шаарында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тарта Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө. Көпчүлүк тургундар алдын алуу иш-чараларын түшүнүү менен кабыл алышса, айрым жарандар кабыл алынган эрежелерди сактабай ал тургай өспүрүм балдарынын коопсуздугуна да кам көрүшпөй жатышканы жок эмес. Бүгүнкү күнү балдардын коопсуздугу үчүн билим берүү мекемелери аралыктан сабактарды окутууга өтүшсө, …

Read More »