Daily Archives: 26.11.2020

Жайылда 16-ноябрдан 23-ноябрга чейин “Отработка” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу, катталган кылмыштардын бетин ачуу, алдын алуу иштерин күчөтүү ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында бир катар иш чаралар болуп өттү. Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте күн сайын коомдук жайларда алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Анда санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактабаган  23 коомдук жайга эскертүүлөр берилди. Алдын …

Read More »

Москва районунда бирөөгө бычак сайган жаран кармалды

2020-жылдын 13-ноябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде тергөө ыкчам тобу дароо көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканада жаткан эркек киши 48 жаштагы А.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси …

Read More »

Москва районунда бирөөнүн унаасын айдап кеткен жаран кармалды

2020-жылдын 7-ноябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Ак-Суу айылынын 55 жаштагы жашоочусу О.Б. арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө анын короосуна кирип, “ВАЗ 2103” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жака айдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Масква районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн …

Read More »

Кемин районун ИИБдүн кызматкерлерине жардам ирээтинде коргонуучу каражаттар берилди

Чүй облусунун аймагында коронавирус  инфекцисын алдын алуу иштерин ички иштер органдарынын кызматкерлери тынымсыз жүргүзүп келе жатышканы белгилүү. Мындай иш-чаралар облустун баардык райондорунда милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан биргеликте ишке ашырылууда. Иш-чаралардын максаты жугуштуу илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу болгондуктан, мындай аракеттеркүн сайын жер-жерлерде улантылууда. Кызматкерлердин аткарган жумуштарына көмөк көргөзүү максатында 2020-жылдын 24-ноябрь күнү “Алтынкен” ЖЧКнын өкүлдөрү Кемин районунун ички …

Read More »

Панфилов райондук милициясы тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзгөн жана уурулукка шектүү жарандар кармалышты

2020-жылдын 16-ноябрь күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын 44 жаштагы байкесин Чалдовар айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталаган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу …

Read More »

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалган.

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлерине Баткен облусунун аймагынан мыйзамсыз чек арадан өткөн коңшу өлкөнүн жараны Чүй облусунун аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Сокулук районунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен 1984-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик …

Read More »