Monthly Archives: January 2021

Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы айыл жашоочулары менен жолугушууларды улантышууда

2020-жылдын 20-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги У.Бектемишов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен Люксембург айыл өкмөтүнө караштуу Киргшелк айылынан тургандары жана активисттери менен жолугушушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар райондук милиция башчысына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече көйгөйлөрүн жеткиришип андан сырткары кызыктырган суроолорун узатышып жоопторду ала алышты. Киргшелк айыл …

Read More »

Сокулук районунда ири суммадагы акча уурдоого шектүү кармалды

2021-жылдын 16-январь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Сокулук районунун Шалта айылындагы үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлерине 51 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-январдан 16-январга караган түнү анын малчысы үйүнө бирөө кирип 1 миллион сомдон …

Read More »

Жайыл районунда уурулукка шектүү төрт жаран кармалышты

2020-жылдын сентябрь айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 68 жаштагы Ж.Т. аттуу жергиликтүү  жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын короосуна киришип, курулуш  материалдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 94 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө …

Read More »

Аламүдүн районундагы катталган кылмышка шектүү Талас облусунан кармалган

2020-жылдын декабрь айынын орто ченинде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Төмөнкү-Аларча айылындагы көчөлөрдүн биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда жабырлануучу 26 жаштагы А.Ш. аттуу жаран экендиги такталып, окуя кандайча болгондугу аныкталган. Жабырлануучу автоунаасы менен жүргүнчү ташып …

Read More »

Аламүдүн районунда милициянын көчмө кабылдамасы өз ишин алып барууда

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-январь күндөрү Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери, райондук социалдык өнүктүрүү, билим берүү бөлүмдөрү ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама автоунаасы менен Аламүдүн районунун айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды уюштурушту. Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу атайын дем алыш күндөрүнө белгиленип, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу жана өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларга жол бербөө боюнча алдын алуу жумуштар жүргүзүлдү. Ошондой …

Read More »

Ысык-Ата милициясы Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар үйүндө тамаш-аш уюштурушту

2021-жылдын 15-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Төмөнкү-Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгү улгайган жарандарга ысык тамак уюштурушту. Аталган жайда 320 мүмкүнчүлүгү чектелген жана туруктуу жашоочу жайга муктаж карыялар күн кечирип келишет. Андагы карыялар милиция  кызматкерлерине өз ой пикирлери менен бөлүшүп, жаш кездеги окуяларын эскеришип отурушту. Иш-чаранын соңунда карыялар РИИБдүн кызматкерлерине жана жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти. Ошол эле күнү Алмалуу …

Read More »

Чүй районунда “Өспүрүмдөр арасында темир жол кырсыктарын алдын алуу” боюнча иш-чара болуп өттү

2021-жылдын 13-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү бөлүмү ошондой эле үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрү менен биргеликте алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чаранын максаты темир жолдон өтүүнүн эрежелери тууралуу болду. Чүй районундагы билим берүү мекемелеринде 17 лекция окулуп, анда темир жолдор оюн ойночу жай эмес, ал жер кооптуу аймак болуп саналгандыктан ар …

Read More »

Сокулук районунда эркек кишинин өлүмүнө шектүү кармалды

2020-жылдын 30-декабрь күнү болжол менен саат 09:50 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарындагы көчөлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, болжол менен 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан.  Табылган жансыз денеге жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн  жыйынтыгында денеси тоңгон, баш сөөгүндө жаракаты, көкүрөк …

Read More »

Москва районунан бирөөнү сабап акча талап кылган деген шек менен мурда соттолгон жаран кармалды

2021-жылдын 6-январь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 28 жаштагы Л.И. аттуу жаран денесине алган жаракаттарынан улам кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган. Жабырлануучуга чала тааныш эркек киши өзүн уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсүмүн деп тааныштырып, аны …

Read More »

Токмок шаарныда үч кишини өлтүрүүгө шектүүлөр изи сууй электе кармалышты

2021-жылдын 9-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринин кожоюнун бирөөлөр сабап салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде жогорудагы дарекке дароо ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Окуя болгон жерден үч эркек киши ар түрдүү дене жаркаттары менен табылып, тез жардам кызматы чакырылган. Бирок, жаракат алгандардын бири ооруканага жетпей каза болгон ал эми эки эркек ооруканын жандандыруу …

Read More »