Monthly Archives: August 2021

Аламүдүн районунда 4 гектарга жакын жапайы кара куурайлар жок кылынды

Аламүдүн районунун аймагында 2021-жылдын 2-августунан 8-августка чейинки “Кара-куурай” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрлүүдө. Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу жана айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Район боюнча Гроздь, Мраморное, Лебединовка, Васильевка, Пригородное, Ленинское айыл аймактарында кара куурай өсүмдүктөрүн жок кылуу боюнча 70 ден ашык адамдан турган 7 топ түзүлүп, ага Аламүдүн РИИБдөн …

Read More »

Москва районунда бирөөнүн акчасын жана автоунаасын тартып алууга шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 29-июль күнү болжол менен саат 20:03 чамаларында Москва РИИБнө аймактык оорукандан телефон чалуу болуп,  эркек киши денесине алган жаракаттарынан улам кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке  дароо чыгышып, ооруканага түшкөн жарандын өздүгүн такташып, ал 1980-жылы туулган М.Р. аттуу Москва районунун жашоочусу экендиги аныкталган. Териштирүү учурунда  үсүбүздөгү жылдын 29-июль күнү болжол менен саат 14:30 …

Read More »

Панфилов районунда денеге оор зыян келтирүүгө шектүүлөр кармалды

2021-жылдын 30-июль күнү болжол менен саат 05:55 чамаларында Панфилов РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык оорканага эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке дароо Панфилов РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, оорукандагы жарандын өзүгү аныкталып, ал 2002-жылы туулган А.К. экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден …

Read More »

Кемин районунда алдын алуу иштери улантылууда

29-жылдын 2021-жылдын 29-июль күнү Кемин районунун ИИБдүн башчысы милициянын полковниги Мурадилов Талантбек Кочкорбаевич сууга чөгүү кырсыктарын жана жолдогу кырсыктарды алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн милициянын көчмө кабалдамасы менен райондун аймагында алдын алуу иштерин жүргүздү. Иш-чарада Кичи-Кемин, Чоң-Кемин, Жел-Арык айылында жана Орловка шаарында жайгашкан көлмөлөрдө, суу сактагычтарда сууга түшүп жаткан тургундарга жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуздукту алдын алуу боюнча эскертмелар …

Read More »

Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 7-июлунан 27-июлга чейин мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү кызматынан жана Чүй облусу боюнча боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен  түзүлгөн 320дан ашуун кызматкер иш …

Read More »