Daily Archives: 14.12.2021

Сокулук районунда “Укук тартиби” аталашындагы рейд иш-чара өткөрүлдү

  Сокулук районунун аймагында кылмыштуулукту алын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында “Укук тариби” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү. Ага милициянын аймактык тескөөчүлөрүнөн, криминалдык милиция кызматынан жана башка Сокулук РИИБдүн кызматтарынан түзүлгөн 90 кызматкер катышышты. Иш-чарада Сокулук районунун аймагында 30 дан ашуун сарайларда жана 40 ашуун мал  кармаган жайларда уурулук фактыларын болтурбоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Малчыларга жана …

Read More »

Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 32-жаштагы Э.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ишенимине кирип, 20 миң сомдук «Редми» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш аялга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факты Жайыл районунун ИИБнүн КБР  КР Кылмыш-жазык кодексинин  (эски редакция) 204 (Алдамчылык) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. …

Read More »

Сокулук районунда баңги затын сактоого шектүү кармалган

2021-жылдын 11-декабрь күнү Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан, аял киши өзү жашаган үйүндө баңги затын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынып, анын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарына караштуу Орок жаңы конушундагы 29 жаштагы Т.Э.нин үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган. Экспертизанын жыйнтыгында жогорудагы зат героин (диацетилморфин) …

Read More »

Токмок шаарында кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүүлөр кармалды

  2021-жылдын 11-ноябрь күнү Токмок шаарынын ИИБнө А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрынан 11-ноябрга чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан тигүү цехинен 4 даана кийим тигүүчү машиналарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 130 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш …

Read More »

Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шектелип анын жолдошу кармалды

  2021-жылдын 13-декабрь күнү Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага денесине ар түрлүү жаракат алып, бир аял жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде дароо окуя болгон жерге Соклук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал 1980-жылы туулган К.Э. экендиги такталып, ал ээсине келбей каза болгонду маалым болгон. …

Read More »

Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү өспүрүм кармалды

  2021-жылдын 21-октябрь күнү Ысык-Ата РИИБүнө 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрь күнү анын 18 миң сомдук телефонун жана 15 миң сом акча каражатын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Респуюбликасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын …

Read More »