2021-жылдын 23-декабрь күнү Чүй районунун ИИБдүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Чүй районунун Арал айылынын жашоочулары менен жолгушууларды өткөрүп, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүштү. Жолгушуу учурунда жергиликтүү тургундардын милиция кызматкерлеринин жумушуна байланыштуу кайрылууларын ошондой эле башка социалдык маселелер боюнча билдирүүлөрүн угушуп, жергиликтүү тургундарга тиешелүү кеңештер берилди. Андан сырткары уурулук жана башка кылмыштарды алдын алуу чараларды көрүү боюнча эскертмелер …
Read More »Daily Archives: 24.12.2021
Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү кармалды
Жайыл РИИБүнө жергиликтүү жашоочу 1985-жылы туулган Д.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, 2021-жылдын июль айында У.А. аттуу жаран андан 110 миң сом акча карызга алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам …
Read More »