Monthly Archives: December 2021

Сокулук районунда баңги затын сактоого шектүү кармалган

2021-жылдын 11-декабрь күнү Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан, аял киши өзү жашаган үйүндө баңги затын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынып, анын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарына караштуу Орок жаңы конушундагы 29 жаштагы Т.Э.нин үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган. Экспертизанын жыйнтыгында жогорудагы зат героин (диацетилморфин) …

Read More »

Токмок шаарында кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүүлөр кармалды

  2021-жылдын 11-ноябрь күнү Токмок шаарынын ИИБнө А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрынан 11-ноябрга чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан тигүү цехинен 4 даана кийим тигүүчү машиналарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 130 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш …

Read More »

Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шектелип анын жолдошу кармалды

  2021-жылдын 13-декабрь күнү Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага денесине ар түрлүү жаракат алып, бир аял жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде дароо окуя болгон жерге Соклук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал 1980-жылы туулган К.Э. экендиги такталып, ал ээсине келбей каза болгонду маалым болгон. …

Read More »

Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү өспүрүм кармалды

  2021-жылдын 21-октябрь күнү Ысык-Ата РИИБүнө 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрь күнү анын 18 миң сомдук телефонун жана 15 миң сом акча каражатын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Респуюбликасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын …

Read More »

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

  2021-жылдын 7-июль күнү Ысык-Ата районунун ИИБүнө Ново-Покровка айылынын 1982-жылы туулган жашоочусу Б.К. арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын курулуш шайманын 40 миң сомго ижарага алып, 20 миң сомун берип калганын төлөбөй жана шайманын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй …

Read More »

Кемин районунда “Укук тартиби” аталышындагы иш-чара болуп өттү

  Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктарды алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында рей иш-чаралары байма-бай өткөрүп келет. Бул жолу Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 9-декабрынан 11-декабрына чейин “Укук тартиби” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Рейд учурунда Кемин РИИБдүн кызматкерлери үйлөрдү кыдыруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары автоунаа уурулуктарын алдын алуу боюнча иштер жргүзүлүп, эски буюмдарды …

Read More »

Чүй райондук милициясынын башчысы Эрлан Исмаилов  Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолукту

2021-жылдын 10-декабрь күнү Кошой айылындагы маданият үйүндө Чүй РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов  Султан Ибраимов айыл өкмөтүндө жайгашкан Кошой, Султан, Ленин-Жол, Кара-Ой, Талды-Булак айылдарынын жашоочулары менен жолукту. Бул иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, жогорудагы айылдардын ак сакалдары жана активисттери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө райондук милициянын жетекчиси Эрлан Исмаилов бул айылдарда кылмыштарды жана укук бузууларды …

Read More »

Токмок шаардык милициясы окучуулар үчүн ашык эшик күнүн өткөрүштү

  Өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка үйрөтүү, жаштар жана жашы жете электер арасында кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу үчүн ведомстволор аралык өз ара мамилени бекемдөө максатында мектеп окучууларына жана  ИИОдо каттоодо турган жашы жете электерге   Токмок шаардык ишки иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери милиция кызматкерлеринин ишин  жакындан тааныштыруу үчүн 10-декабрь күнү ачык эшик күнүн өткөрүштү. …

Read More »

Чүй облусунда милициянын кайгуул-күзөт кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

  Буга чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 9 айында аткарган кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу чурунда ички иштер министри милициянын Генерал-майору Улан Ниязбеков ИИОнун жеткчилеринин алдына 14 талап койгон. Аталган талаптардын негизинде Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан тынымсыз жумуштар жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 2021-жылдын 9-декабрь күнү Чүй облусунун ИИББнын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курамга нускама өткөргөн. Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери Чүй облусу …

Read More »

Аламдүн районунун Маевка айылында “Укук тартиби” аталышында алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү

  Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан 10-декабрына чейин Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан “Укук тартиби”  аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү да катышышты. Рейд учурунда Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Маевка, Озерное, Мраморное, Пригородное жана Төмөнкү-Аларча айылындарындагы орто мектептин окуучуларына тартип бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле ден-соолукка зыян алып …

Read More »