2022-жылдын 21-23 сентябрь күндөрү Панфилов районунун милиция кызматкерлери «Салам мектеп» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү

2022-жылдын 21-23-сентябрында Чүй облусунун Панфилов районунда «Салам мектеп» аталышындагы рейддик иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара  сабакка катышпай жаткан мектеп окуучуларын аныктап, аларды окууга тартуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чарага Панфилов РИИБдин кызматкерлери менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле прокуратура кызматкерлери да катышышып, мектептерди кыдырышып, окуучулар менен жолугушуп, алар менен маектешишти.

Рейддин алкагында Панфилов РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер менен биргеликте түн ичинде районунун аймагында жайгашкан бардык соода-түйүндөр, базарлар, автобекеттер, темир жол бекеттери, кафелер жана сейил бактарды ​​текшерүүгө алышып, ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 10 өспүрүмдөрдү аныкташкан.

Бул жашы жете элек өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң  ата-энелерине өткөрүлүп берилип жана ата-энелерге балдарды көзөмөлгө алуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн.

Чүй ОИИББнын базса сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *