Daily Archives: 26.01.2022

Чүй районунда кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 2022-жылдын 26-январында Чүй районунун ИИБдүн жетекчилиги аймактык тескөчүлөрү милициянын көчмө кабылдамасы менен Бурана айыл өкмөтүнөгү Дөң-Арык айылына барып, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүштү. Жыйынга, РИИБдүн жетекчилиги жана кызматкерлеринен сырткары, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жергиликтүү бийликтен кызматкерлери катышты. Иш-чарада, кылмыштуулуктарды алдын алуу, балдардын коопсуздугуна көңүл буруу ошондой эле мал уурулуктарды болтурбоо боюнча жергиликтүү тургундар менен пикир алышуу болуп, жергиликтүү тургундар …

Read More »

Токмок шаарында уурулук фактысы тууралуу арызданган жаран буюмдарын өзү жок кылганы маалым болду

  Токмок ШИИБге жергиликтүү 37-жаштагы тургун  Т.Д. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 15-январынан 16-январына караган түнү анын үйүнүн короосунан жыгач устундарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факты Токмок ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүп, арыз ээси Т.Д. өзү жыгач устундарды Токмок шаарынын базарында …

Read More »

Кеминдеги жайлоодо жылкы союп, этин уурдоого шектүүлөр кармалышты

  Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен жергиликтүү 24- жаштагы И.Б. аттуу тургун  кайрылып, ал 2022-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү Кемин районунун Жылтыр жайлоосунда белгисиз адамдар 150 миң сомдук жылкысын союп кетишкенин билдирген. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүү катары Чүй ОИИББнын  жана …

Read More »

Аламүдүн районунда мас абалында уруша кеткендердин бири бычактан жаракат алып, шектүү кармалды

2022-жылдын 24-январь күнү болжол менен саат 21:17 чамаларында Аламүдүн РИИБүнө, Пригородное айылында бир жаран бычактан жаракат алган окуя туурулуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүрүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда Пригородное айылындагы эки жаран мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, бири бычак менен экинчисинин денеси залал келтиргени маалым болгон. Жабырлануучу 58 жаштагы А.А. экендиги такталып, …

Read More »