Monthly Archives: April 2022

Кабель уурулук боюнча бир нече фактыларды жасаган деген шек менен адам кармалды

2022-жылдын 27-апрелинде Ысык-Ата районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ивановка айылында телефон кабелин уурдаганга шектүү жаран кармалды. Ал РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Анын өздүгү такталып, ал жергиликтүү тургун 51-жаштагы М.Д. болуп чыккан. Ысык-Ата РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда …

Read More »

Панфилов районундагы Чалдовар, Фрунзе жана Курама айылдарында эл менен жолугушуулар болуп өттү.

  Калкка ишеним көрсөтүү, ошондой эле бардык керектүү маалыматтарды берүү максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетекчилиги калк менен жолугушууларды ар дайым өткөрүп турат. 2022-жылдын 29-апрелинде Панфилов РИИБнин жетекчилиги Чалдывар, Фрунзе жана Курама айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле, бул жыйынга Панфилов районунун акими, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аталган айылдардын жергиликтүү тургундары катышты. Жолугушуулардын алкагында райондук ички …

Read More »

Чүй облусунда уурулукка шектүүлөр кармалды

2022-жылдын 29-апрелинде Ысык-Ата РИИБне  32-жаштагы А.М. аттуу Ивановка айылынын тургуну арыз менен кайрылган, ал арызында үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен 27-апрелине караган түнү айылдын четинде жайгашкан мал сарайга белгисиз адамдар кирип  эки коюн уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталган. Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБнин кызматкерлери Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте шектүү катары бир …

Read More »

Чүй ОИИББде саптык кароо өткөрүлдү

Бүгүн Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында келе жаткан орозо айт жана май майрамдарына карата саптык кароо өткөрүлдү. Ага Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери катышышты. Анда кызматкерлердин кийимдери, сырткы келбети, жанында алып жүрүүчү негизги каражаттары текшерүүгө алынды. Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан коомдук тартипти камсыз кылууда ар бир кызматкер чын дилден кызмат өтөө зарылдыгы белгиленди. Түзүлгөн графиктин алкагында бөлүнгөн аймагында кызмат …

Read More »

Токмок шаарында алдамчылыкка шектелип, абакта жазасын өтөп жаткан жаран аныкталды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган  Б.К. арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда үстүбүздөгү жылдын март айынында анын атынан кидир бирөө 10 000 сом өлчөмүндөгү насыя алгандыгын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББ жана Токмок ШИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жарандын өздүгү такталып, кылмышка шектүү делип, абакта жаткан 1999-жылы туулган , Б.У. аныкталган. Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү …

Read More »

Панфилов районунда тоноочулукка шектүү кармалды

2022-жылдын 24-апрель күнү Панфилов РИИБине   1961-жылы туулган жергиликтүү С.А., аттуу жаран кайрылган, ал  2022-жылдын 23-апрель күнү белгисиз адмадар, ага күч колдонуп уюлдук телефонун жана акча каражатын тартып алгандыгын билдирген. Бул факты Панфилов РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Панфилов РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы …

Read More »

Жайыл РИИБдин жетекчилиги бир катар айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү

2022-жылдын 26-27-апрелдеринде  Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги Красновосток, Степной, Жайыл жана Ак-Башат айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.  Жайыл РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Чыңгыз Керимкулов, Жайыл райондук акимчиликтин өкүлдөрү менен биргеликте, аталган айылдардын айыл өкмөт башчылары, аймактык комиссиянын өкүлдөрү, ошондой жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушушту. Бул жолугушууда Ч.Керимкулов милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти камсыздоо боюнча аткарылган иштерди, жер-жерлерде кылмыштуулуктун жана …

Read More »

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүүлөр кармалды

Токмок шаардык милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде уурулукка шектүүлөр колго түшүрүлдү. 2022-жылдын март айында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1949-жылы туулган М.А., кайрылып, алдоо жолу менен жалпы суммасы 3300 АКШ долларын түзгөн алтын буюмдарын ээлеп алган цыган улутундагы белгисиз аялга карата чара көрүү өттүнүчү менен кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө …

Read More »

Жайыл РИИБнын көчмө кабыл алуу пункттары алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин улантууда

2022-жылдын башынан бери Чүй облусунун Ички иштер органдары тарабынан милициянын көчмө кабылдама пункттары жергиликтүү тургундар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай улантылып келет. Алсак, Жайыл РИИБнын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасынын графигине ылайык Жайыл районунун бардык айылдарында профилактикалык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 2022-жылдын башынан бери Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан жергиликтүү …

Read More »

Жайыл районунда диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

2022-жылдын 26-апрель күнү Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы В.И.Ленин атындагы маданият үйүндө “Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу” аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чара Жайыл РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери, УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн кызматкерлери  жана Жайыл районунун имам-хатиби тарабынан уюштурулду. Жолугушууга Кара-Балта шаарындагы окуу жайлардын студенттери, окутуучулары жана жергиликтүү жашоочулар катышышты. Лекция учурунда Жайыл районунун имам-хатиби …

Read More »