2022-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөө учурунда Чүй облусунун аймагында 900дөн ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоону камсыз кылууда. Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынын жана Кайгуул-күзөт кызматынын 200дөн ашык кызматкери шаарыбызда болуп өткөн “Өлбөс полк” иш-чарасынын жүрүшүндө, коомдук тартипти көзөмөлдөөнү камсыз кылышты. Учурда Чүй облусунун баардык аймактарында да коомдук тартипти сактоо иштери уланууда.
Read More »Daily Archives: 09.05.2022
Жайыл районунун милиция кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты
2022-жылдын 9-майында Жайыл РИИБдин жетекчилиги жана жалпы өздүк курамы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин жеңиш күнү менен куттукташты. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Жайыл районунун аймагында жашаган 7 ардагерди куттуктап, акчалай белектерди тапшырып, жеңишке кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүштү. Жеңиш күнүнө арналган иш-чара Чүй облусунун бардык аймактарында өткөрүлүп, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын куттукташууда.
Read More »