Daily Archives: 14.05.2022

Ысык-Ата районунда кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында райондук милициянын жетекчилиги чет элдик студенттер менен жолугушууларды өткөрдү

2022-жылдын 11-майында Ысык-Ата районунун аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чарага Ысык-Ата РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Р.Турусбеков, окуу жайлардын мугалимдери жана 300дөн ашуун чет элдик студенттер катышты. Жолугушууда милициянын полковниги Р.Турусбеков чет …

Read More »

Кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча таймаш болуп өттү

  2021-жылдын 14-май күнү кызмат учурунда курман болгон милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча таймаш болуп өттү. Аталган иш-чара Кара-Блта шаарынын «Манас» спорт комплесинде болуп, ага Чүй облусунун ички иштер органдарынын  шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн  командалары катышышты. Спорттук мелдештин ачылышына кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин туугандары, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын …

Read More »

Жайыл районунда денеге оор залал келтирген деген шек менен жаран кармалды

2022-жылдын 2-майында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам тергөө тобу дароо барып, ал адамдын өздүгүн тактап 1994-жылы туулган Ш.Д.  экени аныкталган. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан …

Read More »