2022-жылдын 18-майында Чүй ОИИББнын жыйындар залында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешти өткөрүү учурунда Чүй облусунун ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча уюштуруу иштерине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Жыйынга Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Чүй облусунун шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынын жетекчилери катышты. ЧүйОИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы ички иштер органдарынын ар бир жетекчисине …
Read More »Monthly Archives: May 2022
Чүй ОИББнын жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери, Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин катоосунда турган адамдар тарабынан буйрутма киши өлтүрүү фактысын аныкташты
2022-жылдын 25-апрелинде саат 15:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөндүн европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам тергөө тобу дароо барып, милиция кызматкерлери тарабынан бул адамдын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган К.Д. экени аныкталган. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Киши өлтүрүү) …
Read More »Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери мектеп окуучуларына улуттук тарыхый-мемориалдык “Ата-Бейит” комплексине экскурсия уюштурушту
2022-жылдын 14-май күнү Аламүдүн РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине №2 Ж.Касымбав атындагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучуларына экскурсия уюштурушту. Бул иш-чаранын негизги максаты өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялап, руханий баалуулуктарды сыйлоого үйрөтүү менен мекендин тарыхын билип, патриоттуулукка үндөөнү багытында уюштурулду. Бул экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар Байтик баатырдын күмбөзүнө да барышып, экскурсиянын аягында окуучулар милиция кызматкерлерине ыраазычылык …
Read More »Чүй облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди
2022-жылдын 16-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ички министрлигинин буйругу менен 15-май кызмат учурунда милдетин аткарып жатып каза болгондорду эскерүү күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу эскерүү иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары катышты. Кылмыштуулукка …
Read More »Панфилов РИИБдин кызматкерлери мектеп директорлору менен жолугушууларды өткөрүштү
Панфилов РИИБдин башчысынын орун басары Панфилов районунун аймагында жайгашкан мектептердин директорлору менен жолугушуп, акыркы коңгуроого иш-чараларын өткөрүүдө окуучулар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшүп, иш-чаранын белгиленген мөөнөтүндө коомдук тартипти жана мыйзамды сактоо боюнча окуучулардын да, ата-энелердин арасында да түшүндүрүү иштерин …
Read More »Чүй облусунун ИИБнын жана Кемин РИИБдин ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашт
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Кемин райондук соту тарабынан издөөгө алынган жаранды колго түшүрүштү. 2022-жылдын январь айында, Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыялап, жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча материал келип түшкөн. Издөөдө алынган жаран 2019-жылдын …
Read More »Ысык-Ата районунда кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында райондук милициянын жетекчилиги чет элдик студенттер менен жолугушууларды өткөрдү
2022-жылдын 11-майында Ысык-Ата районунун аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чарага Ысык-Ата РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Р.Турусбеков, окуу жайлардын мугалимдери жана 300дөн ашуун чет элдик студенттер катышты. Жолугушууда милициянын полковниги Р.Турусбеков чет …
Read More »Кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча таймаш болуп өттү
2021-жылдын 14-май күнү кызмат учурунда курман болгон милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча таймаш болуп өттү. Аталган иш-чара Кара-Блта шаарынын «Манас» спорт комплесинде болуп, ага Чүй облусунун ички иштер органдарынын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн командалары катышышты. Спорттук мелдештин ачылышына кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин туугандары, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын …
Read More »Жайыл районунда денеге оор залал келтирген деген шек менен жаран кармалды
2022-жылдын 2-майында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам тергөө тобу дароо барып, ал адамдын өздүгүн тактап 1994-жылы туулган Ш.Д. экени аныкталган. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан …
Read More »Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча чагымчыл аракеттерге алданбоого чакырат
2022-жылдын 11-майында жалпыга маалымдоо каражаттарында 2013-жылы болгон резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча материалдар жарыялангандан кийин WhatsApp социалдык тармагы аркылуу аймак жана улуттар аралык кастыкты козуткан чагымчыл билдирүүлөр таркаган. Буга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат. Учурда 9 жыл мурун болгон факт боюнча милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде бардык зарыл болгон ыкчам тергөө …
Read More »