Daily Archives: 01.06.2022

Балдарды коргоо күнү менен Чүй облусунун милиция кызматкерлери куттукташты

2022-жылдын 1-июнунда Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жер-жерлерде балдар үчүн майрамдык маанай тартууланды. Бул күнү Токмок ШИИБнын кызматкерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборундагы балдар тарабынан өткөрүлгөн жарманкеге катышышып балдарды куттукташып таттууларды белекке беришти. Ошондой эле Балдарды коргоо күнүндө Москва РИИБдин кызматкерлери Беловодск психоневрологиялык балдар үйүнө барышып, балдарга  майрамдык маанай тартуулоо менен белек-бечкектерин беришти. Жайыл …

Read More »

Чүй районунда милиция кызматкерлери тоноого шектелгендерди кармашты

Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен Чүй РИИБине 1985-жылы туулган А.С. кайрылган. Ал Чүй айылынын аймагындагы кароосуз калган үйлөрдүн биринде саат 02:30 чамасында  физикалык күч колдонуу менен жанындагы 15 000 сом накталай акчасын, 20 000 сомдук уюлдук телефонун жана тиешелүү документтери менен банк картасын тартып алган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин …

Read More »

Чүй облусунда Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери профилактикалык түшүндүрүү иштерин улантууда

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан ар кандай профилактикалык жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Алсак, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп, Сокулук районунун аймагында жайгашкан бир катар айылдардын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Бул жолугушууларда Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууну жана ар кандай укук бузуулардан алыс болуу боюнча …

Read More »