Daily Archives: 27.06.2022

Чүй ОИИББдин  кадрлар резервине кабыл алуунун биринчи этабы жыйынтыкталды

Чүй облустук  Ички иштер башкы башкармалыгында орто жана улук жетекчи кызмат орундарынын кадрлар резервине кабыл алуу  боюнча сынактын биринчи этабы  жыйынтыкталды. 2022-жылдын 28-июнунда саат 8.00дө КР ИИМдин Академиясында (Бишкек шаары, Ч.Валиханов көч. – 1 «А».) сынактын экинчи этабы  өткөрүлөт ( тестирлөө, компьютердик негизде). Катышуучулар паспорту жана классикалык  үлгүдөгү кийим кийип келүүсү шарт. Талапкерлер Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кадрлар …

Read More »

Сокулук районунда Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Өспүрүм-Түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар кандай профилактикалык, түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Алсак, Сокулу РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жайкы каникул учурунда, жашы жете элек балдардын түнкүсүн көчөгө чыгуусу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу 20-июндан 25-июнга чейин «Өспүрүм-Түн»  аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү. Рейддин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 26 кафе, 6 ресторан, 16 компьютердик клуб …

Read More »

Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 20-июнунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө С.Ш. атту жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси үйүндөгү  баалуу буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, мурда да уурулук …

Read More »