Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар кандай профилактикалык, түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Алсак, Сокулу РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жайкы каникул учурунда, жашы жете элек балдардын түнкүсүн көчөгө чыгуусу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу 20-июндан 25-июнга чейин «Өспүрүм-Түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү. Рейддин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 26 кафе, 6 ресторан, 16 компьютердик клуб …
Read More »Monthly Archives: June 2022
Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды
2022-жылдын 20-июнунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө С.Ш. атту жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси үйүндөгү баалуу буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, мурда да уурулук …
Read More »Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы алдамчылык жана банк ишмердүүлүгүнө байланыштуу документти жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат
2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата РИИБине Эсептешүү-сактык компания ААКнын өкүлү Э.И. атту жаран кайрылган, ал 2020-жылдын 10-февраль күнү бейтаныш адам өзүнүн А.К. аттуу жарандын атынан жазалма паспорт алып келип, кардар катары тааныштырып депозиттик эсептен 350 000 сом алып, эртеси дагы 3 845 000 сом акча каражатын чечтирип алып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Натыйжада бул кылмышка шектүү жалпы 4 195 000 сом өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгенин билдирген. …
Read More »Панфилов районунда тоноочулук фактысына шектүү кармалды
2022-жылдын 24-апрель күнү Панфилов РИИБүнө 1961 жылы туулагн С.А., жаран арыз менен кайрылган. Анда 23-апрел кунү болжол менен саат 23:30 чамаларында бейтааныш адамдар эч себепсиз уруп телефонун жана акчакаражаттарын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Панфилов РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери …
Read More »Сокулук районунун тургуну милиция кызматкерлерине ыраазычылык кат менен кайрылды
Военно-Антоновка айылынын Үмөт Кененбаев аттуу тургуну, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Ыраазычылык кат менен кайрылган. Ү.Кененбаевдин ыраазычылык каттында, үсүбүздөгү жылдын май айында бир уй, бир кунажынын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирип, аймактык тескөөчүгө кайрылганын. Аймактык тескөөчү арыздын негизиинде иш алып барып, 2-июнда жоголгон малды таап, ээсине кайтарып бергенин белгилеген. Ү.Кененбаев жоголгон убактыттан бери уйу тууп музоосу менен кошо кайтарып таап …
Read More »Ааламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
2022-жылдын 24-апрелинде Аламүдүн РИИБине 1960-жылы туулган Д.Т., атту жаран кайрылган. Ал 2015-жылы ишенимине кирип, алдоо жолу менен жер тилкесин ишеним кат аркылуу сатып, кийинчерээк жерди мыйзамдуу каттатып берүүнү убадалап, бирок, ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен качып жүргөнүн адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесининин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул …
Read More »Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды
2022-жылдын 10-июнь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө, белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1987-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кайрылгын. Ал үстүбүздөгү жылдын 9-июнь күнү кечинде Таш-Мойнок айылындагы үйүнөн жалпы суммасы 67 000 сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан …
Read More »Чүй ОИИББдин кызматкерлерин арасында кичи футбол боюнча биринчилик болуп өттү
2022-жылдын 10-июнунда Чүй облусунун Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча биринчилик болуп өттү. Бул биринчилик Кант шаарындагы «Абдыш -Ата» спорт комплексинде болуп, жалпы 12 команда байгелүү орундар үчүн күч сынашты. Спорттук иш-чараны Чүй ОИИББнын начальниги Сапар Асаналиев ачып, жалпы катышуучуларга бекем денсоолук каалоо менен таза оюн көрсөтүп мыктылар жеңишке жетишин айтып өттү. Биринчилик курч мүнөздө болуп оюндун жүрүшүндө …
Read More »Милиция кызматкерлери бир жыл мурун катталган дайынсыз жоголуу фактысы боюнча кылмыш бетин ачты
2022-жылдын 10-июнунда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери барган учурда Ново-Покровка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин бастырмасынын артына курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден адамдын сөөгү чыкканына күбө болушкан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери …
Read More »Жайыл районунда милиция кызматкерлери кооптуу жерлерде сууга түшпөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүштү
Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Бул алдын алуу иш-чарасында кызматкерлер райондун аймагындагы көлмөлөрдө, суу сактагычтарда ошондой эле сууга түшүүгө коопту деп эсептелген жерлерде атайын белгилерди орнотуп аны менен катар түшүндүрүү иштери жүргүзүштү. Атайын белгилер орнотулганына карабастан сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө кырсыктын кесепеттери эскертилип, мындай жайларда жүргөн …
Read More »