Monthly Archives: July 2022

Көчмө кабылдамасы менен Ала-Арча суу сактагычында  алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2022-жылдын 11-июль күнү Аламүдүн РИИБдин Маевка айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жана Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ошондой эле Маевка айыл аймагынын социалдык коргоо кызматкерлери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Ала-Арча суу сактагычында  алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кызматкерлер суу сактагычта сууга түшүп жаткан жарандарга, жаш балдарга сууга түшүү учурундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кооптуу …

Read More »

Чүй облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымдын жактоочулары кармалды

Чүй ОИИББнын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Сокулук РИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда катталган иш материалдардын алкагында  Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү аныкталып, кармалган. Милиция  жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тыюу салынган кыймылдын мүчөлөрү жашаган 3 даректе тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ар кандай диний …

Read More »

Аламүдүн районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 3 тоннадан ашык жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

  2022-жылдын 4-июлунан 10-июлуна чейин Аламүдүн РИИБдин  кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жан ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу максатында «Кара-Курай» аталышындагы иш-чара жүргүзүштү. Иш-чараланын алкагында бүгүнкү күндө Васильевка жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн аймагында аянты 1,9 гектардан ашык жапайы өсүүчү кара куурай аныкталып,   3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Мындан …

Read More »

Чүй облустук ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктун,  укук бузуулардын жана аркандай кырсыктардын алдын алуу максатында  профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары тынымсыз  жүргүзүлүүдө

Алсак, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Ысык-Ата районунун аймагындагы эс алуучу жайларда эс алып жүргөн жарандарга  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери тарабынан жер-жерлердеги эс алуу жайларында, ошондой эле сууга түшүүчү жайларда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сунуштар берилди. Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери  чет элдик эс алуучуларды да коомдук тартипти бузбоого чакырышты. Ошондой эле Токмок ШИИБнын кызматкерлери, …

Read More »

Балдар иштери боюнча инспекциянын  кесиптик күнүнө карата Москва РИИБинде волейбол боюнча турнир болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Москва РИИБдин Коомдук коопсуздук кызмтынын балдар иштери боюнча бөлүмүнүн демилгеси менен  Балдар иштери боюнча инспекциянын кесиптик күнүнө карата Чүй облусунун КККнын  Балдар иштери боюнча тескөөчүлөрдүн арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү. Аталган турнирге ИИМдин КККнын Балдар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова, Москва районунун акиминин орун басары Мунара Мамаджанова жана башка коноктор катышышты. Алгач турнирдин …

Read More »

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 6-июнь күнү Аламүдүн РИИБине чала тааныш адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1988-жылы туулган О.А. аттуу жаран кайрылган. Кайрылуусунда үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында алдоо жолу менен ишенимге кирип, Англияга ишке орноштурууну убадалап 1350 АКШ долларын жана андан тышкаары 19500 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын алып качып жүргөнүн билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй …

Read More »

Чүй облусунда карындашын кордогон адамдга ок чыгарган жаран кармалды

2022-жылдын 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табышкан. Бул жаран октон алган жаракатынан улам тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калганы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын …

Read More »

Чүй облусунда куралдуу тоноо фактысынын бети ачылды

2022-жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1989-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал кайрылуусунда 2022-жылдын 14-июнунда саат 23:40тар чамасында медициналык бет кап кийген белгисиз адамдар тапанча менен кызматкерин коркутуп, Ивановка айылында жайгашкан кампалардын биринен акча каражаттарын ачык эле ээлеп, из жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин …

Read More »