2022-жылдын 21-23-сентябрында Чүй облусунун Панфилов районунда «Салам мектеп» аталышындагы рейддик иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара сабакка катышпай жаткан мектеп окуучуларын аныктап, аларды окууга тартуу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага Панфилов РИИБдин кызматкерлери менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле прокуратура кызматкерлери да катышышып, мектептерди кыдырышып, окуучулар менен жолугушуп, алар менен маектешишти. Рейддин …
Read More »