Чүй ОИИББде саптык кароо өткөрүлдү

Бүгүн Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында келе жаткан орозо айт жана май майрамдарына карата саптык кароо өткөрүлдү. Ага Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери катышышты. Анда кызматкерлердин кийимдери, сырткы келбети, жанында алып жүрүүчү негизги каражаттары текшерүүгө алынды.

Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан коомдук тартипти камсыз кылууда ар бир кызматкер чын дилден кызмат өтөө зарылдыгы белгиленди. Түзүлгөн графиктин алкагында бөлүнгөн аймагында кызмат өтөп, жарандарга сылык мамиледе болуу керектиги айтылды.

Ошондой эле мындай саптык кароо облус аймагындагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө дагы өткөрүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *