Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Р.А., аттуу жаран Аламүдүн РИИБине Ленинское айылынын тургунуна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.   Ал жалпы суммасы 210 000 сом турган опалубкаларды сатып берүүгө ишендирип, жана ошондой эле пайдаланып турууга көндүрүп качып жүргөн жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй облусунун ИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда да соттолгон 1996-жылы туулган Т.Д. бул кылмышка шектелип кармалган.

Учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан, бул жаран бир катар алдамчылык иштерге шектүү экени аныкталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *