2022-жылдын 20-июнунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө С.Ш. атту жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси үйүндөгү баалуу буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, мурда да уурулук жана тоноо сыяктуу кылмыштары үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.