Дайынсыз жоголгон адам киши колдуу болгону аныкталып, шектүү жаранды кармалды

2022-жылдын сентябрында Ысык-Ата РИИБине Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8 сентябрь күнү жолдошу 1987-жылы туулган И.Р. үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Чүй облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан И.Р.  аттуу жаран Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болуп, андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.

Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы 1963-жылы туулган И.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдан улам, ата-баланын ортосундагы  уруштун негизинде келип чыкканы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *