ЖАҢЫЛЫКТАР

Сокулук районунда жаш өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан профилактикалык жумуштар жер-жерлерде тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Сокулук РИИБдүн жаш өспүрүмдөр мене иштөө инспекциясынын демилгеси менен 2022-жылдын 10-11-март күндөрү “Укук бузуу” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Анын максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктарды жана тартип бузууларды алдын алууга багытталган. Иш-чарага райондук прокуратуранын өкүлдөрү, үй-бүлө жана балдарды коргоо кызматынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн кызматкерлер катышышты. …

Read More »

Сокулук районунда уурулук жана тоноо кылмыштарына шектүүлөр кармалышты

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде аккумулятор уурдоого шектелип 2006-жылы туулган У.А. жана К.А., 2004-жылы туулган Т.А. аттуулар кармалышып, тергөө кызматына өктөрүлүп берилген. Бул боюнча Сокулук РИИБүнө 1989-жылы туулган Г.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жүк ташуучу автоунаасынын эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине …

Read More »

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан Президенттин Жарлыгы жашоочуларга жеткирилүүдө

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жер-жерлердеги жашоочулар менен жолгушуу иштери уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтар жеткирилүүдө. 2022-жылдын 10-мартында Токмок шаарынын ИИБдүн, Ысык-Ата, Аламүдүн РИИБдүн жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу жумуштарын жүргүзүштү.  Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү …

Read More »

Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

2022-жылдын 10-мартында Жайыл РИИБүнө 1955-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда тааныш киши анын ишенимине кирип 2020-жылы 1 баш бодо малын жана 17 баш майда жандыктарын карызга алып, бир жылдан кийин кайра ошончо баш малды кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин малдарды кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген. “Бандит” рейди учурунда Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн …

Read More »

Жайыл районунда “Үй-бүлөлүк зомбулук” жана “Мектеп рэкетчилиги” аталышындагы алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Жайыл РИИБү тарабынан “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү кодексинин талаптарын ишке ашыруу максатында иш-чара уюштурулду. Анда Жайыл РИИБдүн кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү кызматы жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте район аймагындагы билим берүүчү мекемелерде өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелеринин катышуусунда лекциялар …

Read More »

Сокулук районунда акча каражаттарды жана төлөм терминалдарды уурдоого шектүүлөр кармалышты

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында төлөм кабыл алуучу терминалдарды жана акча каражаттарды уурдоого шектүүлөр кармалышты. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сокулук РИИБүнө эки жаран арыз менен кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин билдирген. Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-бренеси …

Read More »

Аламүдүн районунда кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү кармалды

2022-жылдын март айынын башында Аламүдүн РИИБүнө 1968-жылы туулган К.Б. арыз менен кайрылган. Анда арыздануучунун контейнеринин эшигин бузуп белгисиз бирөөлөр киришип, кийим тигүүчү машиналарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 900 миң сомдон ашкан. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында …

Read More »

Москва районунун аймагында коомдук жайларда чөнтөк уурулуктарын алдын алуу боюнча иш-чара жүргүзүлүүдө

2022-жылдын 7-март күнү Москва районунун ИИБдүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан коомдук жайларда жана коомдук транспорттордо чөнтөк уурулуктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чара өткөрүлдү. Анда коомдук транспорт каражаттарынын айдоочулары, маршруттук каттамдардын бригадирлери жана жүргүнчү ташыган такси айдоочулары менен жолугушуу уюштурулуп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарада айдоочуларга жана маршруттук каттамдардын бригадирлерине райондук ИИОнун телефон номерлери жазылган 150 дөн ашык эскертмелер таркатылды. Ошондой …

Read More »

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлерине окутуу иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана  кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн топ Чүй облусунун ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана жаңы кабыл алынган кодекстери боюнча окутуу иштерин жүргүзүшүүдө. Жер-жерлерде милиция кызматкерлеринин жумуштарын жакшыртуу, элдин ИИОнун кызматкерлерине болгон ишенимин бекемдөө ошондой эле кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында лекциялар окулууда. Анда жаралган суроолорго жооптор берилүүдө. Ошондой эле жергиликтүү …

Read More »

Сокулук районунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан уурулук кылмыштардын алдын алуу боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 10-мартка чейин “Ууру” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматынан, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ошондой эле Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышышты. Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагындагы жаңы конуштарда жашоочулардын басымдуу бөлүгү жашагандыктан ошол аймактарда милиция кызматкерлери рейд …

Read More »