ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун ИИОнун кенже жетекчөөчү курамынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү үчүн Чүй облусунун ИИББы конкурс жарыялайт

  “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарынын орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына жогорку билими бар, кабыл алуунун, кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары конкурска катышууга укуктуу. Талапкерлердин документтери 2022-жылдын 15-октябрына чейин Чүй облусунун ИИББнын кадрлар бөлүмүндө, Чүй облусунун МКККнын өзүнчө батальонунда жана Чүй облусунун …

Read More »

Аламүдүн районунда “Укук бузуулардын алдын алуу” аталашындагы иш-чара болуп өттү

2022-жылдын 29-сентябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен Лебединовка айылынын Желкайып Касымбаев  атындагы №2 мектеп гимназиясында “Укук бузуулардын алдын алуу” аталашындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Аламүдүн РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын инспектору  милициянын майору Руслан Алымбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Светлана Орозобаева, Аламүдүн райондук прокурордун жардамчысы Бактыгүл Алимжанова, Социалдык бөлүмүнүн башчысы …

Read More »

Панфилов районунда Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин жыйыны болуп өттү

2022-жылдын 29-сентябрында Панфилов райондук администрациясында ИИМдин Коомдук кеңешинин отуруму болуп, отурумда Панфилов районунун ИИБнин ишмердүүлүгү талкууланды. Иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин орун басары Руфат Абдуразаков, Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрөгасы Ялкун Даутов, анын орун басарлары Каана Айдаркул, Маралбу Бианки ошондой эле кеңештин мүчөлөрү, Панфилов районунун жашоочулары жана милиция кызматкерлери катышышты. Күн тартибине төмөнкү маселелер каралды: -Панфилов РИИБдин өздүк курамынын …

Read More »

Сокулук районунда башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен ээлеп алган жаран  кармалды

Сокулук РИИБине К.Н. атту жаран  арыз менен кайрылып, кайрылуусунда Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу Учкун-2 жаны конушундагы жер тилкесин «К» атту жаран мыйзамсыз басып алып, уруксаты жок эле үй куруп алганын билдирип чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Сокулук РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузу менен айыл …

Read More »

Москва районунда денге оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 27-сентябрь күнү Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, райондук ооруканага бычактан жаракат алган жаран жаткырылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу дароо барып, жаракат алган жарандын өздүгүн тактап 1979-жылы туулган Я.А. аттуу жаран экени аныктаган. Аталган факт Москва РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолука оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын …

Read More »

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Чүй ОИИББине А.Б. атту жааран  арызы менен кайрылган, ал арызында Ленин айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеп кеткен Д.А. атту жааранга чара көрүүнү суранып,  2021-жылдын апрель айында үй салуу үчүн жасалма токтом берип, 4000 АКШ долларын алгандыгын билдирген. Аталган фактысы Чүй облусунун ИИББнын КБРне  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын 27-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө …

Read More »

2022-жылдын 21-23 сентябрь күндөрү Панфилов районунун милиция кызматкерлери «Салам мектеп» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү

2022-жылдын 21-23-сентябрында Чүй облусунун Панфилов районунда «Салам мектеп» аталышындагы рейддик иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара  сабакка катышпай жаткан мектеп окуучуларын аныктап, аларды окууга тартуу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага Панфилов РИИБдин кызматкерлери менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле прокуратура кызматкерлери да катышышып, мектептерди кыдырышып, окуучулар менен жолугушуп, алар менен маектешишти. Рейддин …

Read More »

Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине Кыргызстандагы Медиация менен кызматташуу боюнча сабактар жүргүзүлдү

2022-жылдын 15-16-август күндөрү  Чүй ОИИББнын Коомдук коопсуздук кызматы жана Өздүк курам менен иштөө жана кесиптик дайындоо бөлүмүнүн  кызматкерлери, «Республикалык медиаторлор жамааты» коомдук бирикмеси менен биргеликте, Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, Кыргызстандагы Медиация менен кызматташуу боюнча сабактар жүргүзүлдү. Бул иш-чарага Улуттук медиация борборунун директору Чинара Курбанова жана Республикалык Медиаторлор коомдоштугунун төрайымы Ракия Рахматова, Улуттук медиация борборунун Чүй облусундагы филиалынын …

Read More »

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ысык-Ата РИИБине  У.М.  аттуу жаранга чара көрүү жөнүндө арыздар келип түшкөн. Ал 2021-жылдын жай мезгилинде С.Б. аттуу жарандын жер тилкесине мамлекеттик акт жасатып берем деп 1 060 000 сомдон ашык  акча каражатын алган жана 2022-жылдын апрель айында Т.А. аттуу жарандан 6 баш асыл тукум койду 180 миң сомга баалап алып, алардын акчасын кайтарып бербей же убадасын аткарбай изин жашырып кеткен. Бул  …

Read More »

Дайынсыз жоголгон адам киши колдуу болгону аныкталып, шектүү жаранды кармалды

2022-жылдын сентябрында Ысык-Ата РИИБине Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8 сентябрь күнү жолдошу 1987-жылы туулган И.Р. үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Чүй облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан И.Р.  аттуу жаран Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болуп, андан …

Read More »