ЖАҢЫЛЫКТАР

Милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда  

2022-жылдын 28-июнунда Сокулук РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы Сокулук районунун Орок айыл Өкмөтүнө караштуу Жал, Орок, Кашка-Баш, Пладовое Сарбан, Селекционное айылдарына жана Колос, Ак-Сай, Ифтановец, Строитель, Мечта дачаларына жана ошондой эле Жал айылында жайгашкан “Строитель” балдар лагеринде болушуп  алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү. Бул иш чарага Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын капитаны А.Баймуратов, Күн-Туу Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери,  жана Сокулук …

Read More »

Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 27-июнунда Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.  Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден  1984-жылы туулган Н.А. аттуу жарандын күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар  жансыз денеси  табышкан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган …

Read More »

Москва районунда милиция кызматкерлери “Ууру” аталышындагы  рейддик иш-чара өткөрүштү

Буга чейин өткөрүлгөн рейддердин оң натыйжаларына байланыштуу Москва РИИБдин кызматкерлеринин демилгеси менен райондогу  уурулукка бөгөт коюу максатында 24-26-июнь күндөрү «Ууру» аталышындагы  рейд  болуп өттү. Бул иш-чарага Москва РИИБдин  70тен ашык кызматкери  жана эки  милициянын көчмө кабылдамасы тартылган. Профилактикалык жана рейддик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 200дөн ашык жаран текшерилип, уурдалган буюмдарды аныктоо максатында күрөөкана, уюлдук телефон, алтын буюмдарды …

Read More »

Жайыл районунда уурдого шектүү жаран кармалды

  Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын  1998 жылы туулган тургуну  арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 22-апрель кунү  белгисиз адамдар анын уюлдук телефонун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факт Жайыл РИИБдүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Урдоо)боюнча катталган. Тергөө иш амалдаручурунда  уурдалган уюлдук телефон табылып, тактоо учурунда ал телефонду Бишкек шаарынын базарларынан сатып алгандыгы белгилүү …

Read More »

Жайыл районунда уурулукка шектүү кармалды

  2022-жылдын 12-июнь күнү арыз менен  1957 жылы туулгн Д.А. атту жаран кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр 500 000 акча каражаттарды уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Жайыл РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы уурулукка …

Read More »

Чүй ОИИББдин  кадрлар резервине кабыл алуунун биринчи этабы жыйынтыкталды

Чүй облустук  Ички иштер башкы башкармалыгында орто жана улук жетекчи кызмат орундарынын кадрлар резервине кабыл алуу  боюнча сынактын биринчи этабы  жыйынтыкталды. 2022-жылдын 28-июнунда саат 8.00дө КР ИИМдин Академиясында (Бишкек шаары, Ч.Валиханов көч. – 1 «А».) сынактын экинчи этабы  өткөрүлөт ( тестирлөө, компьютердик негизде). Катышуучулар паспорту жана классикалык  үлгүдөгү кийим кийип келүүсү шарт. Талапкерлер Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кадрлар …

Read More »

Сокулук районунда Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Өспүрүм-Түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар кандай профилактикалык, түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Алсак, Сокулу РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жайкы каникул учурунда, жашы жете элек балдардын түнкүсүн көчөгө чыгуусу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу 20-июндан 25-июнга чейин «Өспүрүм-Түн»  аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү. Рейддин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 26 кафе, 6 ресторан, 16 компьютердик клуб …

Read More »

Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 20-июнунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө С.Ш. атту жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси үйүндөгү  баалуу буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, мурда да уурулук …

Read More »

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы алдамчылык жана банк ишмердүүлүгүнө байланыштуу документти жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат

2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата РИИБине Эсептешүү-сактык компания ААКнын өкүлү Э.И. атту жаран кайрылган, ал 2020-жылдын 10-февраль күнү бейтаныш адам өзүнүн А.К. аттуу жарандын атынан жазалма паспорт алып келип, кардар катары тааныштырып депозиттик эсептен 350 000 сом алып,  эртеси дагы  3 845 000 сом акча каражатын чечтирип алып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Натыйжада бул кылмышка шектүү  жалпы 4 195 000 сом өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгенин билдирген. …

Read More »

Панфилов районунда тоноочулук фактысына шектүү кармалды

  2022-жылдын 24-апрель күнү Панфилов РИИБүнө  1961 жылы туулагн С.А., жаран арыз менен кайрылган. Анда 23-апрел кунү болжол менен саат 23:30 чамаларында бейтааныш адамдар эч себепсиз уруп телефонун жана акчакаражаттарын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Панфилов РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери …

Read More »