ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан 8-февралына чейин мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү бөлүмүнөн жана Чүй облусу боюнча ИИББнын ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 180ден ашык кызматкер иш-алып барышкан. …

Read More »

Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери кылмыштын изин суутпай оор кылмышка шектүү жаранды кармашты

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай оор кылмыштын бети ачылды. 2018-жылдын 31-январь күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө бир үйдүн ичинде ызы-чуу болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Ысык-Ата РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келишип, 70 жаштагы кары аял кишинин денесине оор залал келтирилгенин аныкташкан. Бул окуя боюнча Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин …

Read More »

Кемин районунда кымбат баадагы жабдууларды уурдашкан жарандар

2018-жылдын 17-январь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Орловка шаарында жайгашкан жеке иш-каналардын биринин башкы директору арыз менен кайрылып, кымбат баадагы жабдууларын бейтааныш адамдар уурдап кеткенин билдирген. Окуя болгон жерге Кемин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, ишкананын кеңсесинде турган кымбат баалуу жабдууларын уурдап кеткени аныкталган. Ишканага келтирилген зыяндын өлчөмү 6 990 000 сомду түзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кемин районунун ИИБнин тергөө …

Read More »

Чүй облусунда трансформатор майларын уурдаган жаран кармалды

Жакында, жалпыга маалымдоо каражаттарында Чүй облусунун бир нече райондорунда “Северэлектр” ишканасына таандык трансформаторлордун майлары уурдалганын жарыяланган. Бир жуманын ичинде Чүй облусунун аймагында трансформатордун 1,5 тонна майы уурдалгандыгы аныкталган. Чүй облусунун бир нече айылдарынын жашоочулары трансформатордон жыт чыгып жатканын, ошондой эле кээ бир учурларда айылдарда свет өчүп калып жаткандыгын байкашкан. Окуя болгон жерлерге электр-тармагынын кызматкерлери чыгып, трасформаторлорду текшерүү учурунда трансформаторлордун майы …

Read More »

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

2018-жылдын 16-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кой-Таш айылынын 35 жаштагы А.Ч. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, анда “Эдик” аттуу таанышына карата чара көрүүнү суранган. Себеби, 2018-жылдын 16-январь күнү Кой-Таш айлынан жабырлануучунун ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен кирпич алып берем деп 45 000 сомун алып, ошол бойдон изин жашырып качып жүргөн. Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан …

Read More »

АЛАМҮДҮН РИИБНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ УУРУЛУККА ШЕКТҮҮ ЖАРАНДЫ КАРМАШТЫ

2018-жылдын 4-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Чоң-Таш айылынын 47 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 3-февраль күнү болжол менен саат 17:30 чамасында белгисиз адамдар жабырлануучунун соода дүкөнүнө киришип, кассада турган 10 000 сом акчасын жана спирт ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш …

Read More »

Милиция кызматкерлери Сокулук районунда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн жаранды кармашты

2018-жылдын 2-февраль күнү болжол менен саат 19:00 чамсында, Чүй ОИИББнин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө Алексеевка айылынын 29 жаштагы Б.Е. аттуу тургунга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан 800 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Read More »

ТОКМОК ШААРЫНДА ИРИ СУММАДАГЫ ЖАСАЛМА АКЧАЛАР МЕНЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛДЫ

Чүй ОИИББдин жана Токмок ШИИБдин ыкчам кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз даярдоо жана сатууга шектелген жарандардын өздүгү такталып, кармалышты. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жасалма акчаларды жасоого тиешеси бар шектүүлөр кармалышкан. Ушул жылдын февраль айынын башында шектүүлөрдүн бирөөсү жашаган Токмок шаарында жайгашкан жатаканалардын бири текшерилип, жыгач шкафтан ири суммадагы жасалма акча каражаттар: 143 …

Read More »

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери бир катар уурулук фактыларына шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашты

2017-жылдын 26-октябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 31 жаштагы А.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 25-27-сентябрь күндөрүнүн ичинде белгисиз адамдар арыздануучунун Көк-Жар айылында жайгашкан үйүнө терезе аркылуу киришип, үйүнүн ичинен ноутбугун уурдап кеткенин билдирген. Жабырлануучуга жалпы суммасы 20 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси …

Read More »

Жайыл районунда денеге оор залал келтирүү фактысы менен шериктеши кармалды

2017-жылдын 30-декабрь күнү Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү бейтапканага европа улутундагы эркек киши ар кандай жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалымат боюнча Жайыл РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып, жабырлануучунун өздүгү аныкталып, 53 жаштагы Кара-Балта шаарынын К.В. аттуу тургуну болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иштердин негизинде, жабырлануучу 30-декабрь күнү өзүнүн таанышы менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, өз-ара урушуунун кесепетинен шериктеши …

Read More »