Жайыл районунда өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

 

Жаш өспүрүмдөр арасында кароосуз калган балдарды анктоо кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу багытында Чүй облусунун Жайыл районунда 2019-жылдын 2-апрелинен 4-апрель күнүнө чейин Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү кызматы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда алдын алууга багытталган иш-чара өткөрүлдү.

Мектепте сабак учурунда башка жумуштар менен алектенген өспүрүмдөрдү аныктоо максатында базарларда, соода кылуучу жайларда, автоунаа жуучу жайларда жана башка жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, 6 өспүрүм бала ИИБгө алып келинип, алар менен алдын алуу маанидеги маектешүү жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылды.

Иш-чара учурунда 2-апрелде түнкүсүн саат 22:00 дөн кийин компьютердик клубдарда, паркта, көчөдө жана башка коомдук жайларда ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөн 11 өспүрүм кармалып, алардын ата-энелери чакырылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары Кара-Балта шаарындагы соодо комплекстердин биринде кайырчылык кылып жүргөн 1 өспүрүм аныкталып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Алдын алуу иш-чаранын алкагында жаш өспүрүмдөр иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде Жайыл районунун ИИБнүн жаш өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы тарабынан 3 өспүрүм бала каттоого алынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *