Сокулук районунда машинанын аккумляторун уурдаган эки жаран кармалды

 

2021-жылдын 26-октябрь күнү Сокулук РИИБнө Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну М.А. арыз менен кайрылып, анын үйүнүн жанында токтоп турган “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси  (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында атаган кылмышка шектелип Бишкек шаарынын жашоочулары 2001-жылы туулган А.Б. жана  2001-жылы туулган Э.М. аттуулар кармалышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандардын ушул сыяктуу дагы 6 факты кылмыштарга тийешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүү шарандар Сокулук РИИБнун убактылуу кармоочу жайына камакка алынышып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *