Адамды сабаган шектүү жаран кармалды

 

Буга чейин Жайыл районунун аймактык ооруканасынын бөлүмүнө С.А. жаран бетинен жаракат алып, жаагы сынган бойдон келип түшкөн.

Бул факт Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБР  каттоосуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жайыл районунун ИИБнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп, 64 жаштагы О.О. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.

Кармалган адам милиция  бөлүмүнө жеткирилип, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *