Аламүдүн райнунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 7-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Башкара-Суу айылынын 51 жаштагы жашоочусу Б.Э. арыз менен кайрылып, 6-январдан 7-январга караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынын эшигин сындырып киришип, ичинен ири мүйүздүү бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, Чүй облусунун жашоочусу 37 жаштагы О.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *