Аламүдүн райнунда уурулукка шектүү жаран кармалды

 

2018-жылдын 1-март күнү Маевка айылынын 23 жаштагы жашоочусу Н.Н. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүнө арыз менен кайрылып, 28-февралда түнкүсүн болжол менен саат  23:00 чамасында арыз ээсинин жүк ташуучу транспортунун аккумуляторун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 15 миң сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, жергиликтүү 36 жаштагы жашоочу Б.П. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *