Аламүдүн районунан жылкы уурдаган жаран кармалды

2018-жылдын 15-февраль күнү Сокулук районунун Чат-Көл айылынын 32 жаштагы жашоочусу Ч.Б. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 14-февралда  түнкүсүн арыз ээсинин Арчалы айылында жайгашкан сарайынан бир баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Алмүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын  жана Аламүдүн районунун  ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү делип, мурда соттолгон Кемин районунун  31 жаштагы жашоочусу Т.А. кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка  алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *