Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 12-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы жашоочусу Д.А. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын ноябрь айында “Максат” аттуу жаран анын ишенимине кирип, “Форд-Фокус” үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, бүгүнкү күнгө чейин унаасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя боюнча Алмүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип Ысык-Ата районунун 36 жаштагы жашоочусу К.М. кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *