Аламүдүн районунда ири суммадагы уурулуктун бети ачылып, кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

2018-жылдын 7-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Көк-Жар айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, төмөндөгүлөрдү такташкан.

7-февраль күнү күндүзгү саат болжол менен 10:00 дөн 15:00 гө чейинки аралыкта Көк-Жар айылындагы 68 жаштагы Т.М.дин үйүнүн жертөлөсүндөгү терезеси аркылуу үйгө киришкен шылуундар 3-кабаттагы бөлмөсүндөгү турган сейфти талкалашып, ичинен 122 миң АКШ долларын жана 450 миң сомун алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Бул окуя боюнча  Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ири суммадагы уурулуктун бетин ачуу үчүн комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын ичинде кылмыш болгон жерге ИИМдин кинилогия борборунун кызматтык иттери алынып келинип, издөө иштери жүргүзүлүп, ошол аймакта жашаган буга чейин ИИОнун каттосундагы жарандар текшерилген.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараланынын натыйжасында 19-февраль күнү кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 20 жаштагы жашоочусу К.И. кармалып, аны суроо маалында кылмышка тиешелүү дагы эки жарандын өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн. Алар: Кара-Балта шаарынын жашоочулары  27 жаштагы Д.В. жана 24 жаштагы А.Н. Кылмышка шектүү жарандардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда, уурдалган акчалардан калган 40 жана 20 миң АКШ доллары алынган.  Кармалган жарандар буга чейин Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринен зер буюмдарды уурдаганы маалым болгон. Кылмышка шектүү жарандар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *