Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

 

2018-жылдын 9-апрель күнү Бишкек шаарынын 42 жаштагы жашоочусу И.Г. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 9-апрель күнү арыз ээсинин Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү телефондорун алып, окуя болгон жерден из жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген. Бирок, жабырлануучу туугандары менен бейтааныш жаранга жетип, анын качып кетүүсүнө мүмкүндүк беришпей, милицияга телефон чалышкан. Аламүдүн районунун ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кармалган жарандын өздүгүн такташкан учурда, ал Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 27 жаштагы К.А. экендиги такталган. Окуя болгон жерден далил заттар алынып, чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *