Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 9-апрель күнү Бишкек шаарынын 42 жаштагы И.Г. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 9-апрель күнү арыз ээсинин Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген.
Бирок, жабырлануучу туугандарынын жардамы менен шектүүнүн качып кетүүсүнө мүмкүндүк беришпей, милицияга телефон чалышкан. Аламүдүн районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кармалган жарандын өздүгүн такташкан учурда, ал Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 27 жаштагы К.А. аттуу экендиги такталган.
Окуя болгон жерден далил заттар алынып, чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *