Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

2018-жылдын 28-февраль күнү болжол менен саат 00:15 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон дарекке Аламүдүн районунун ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу чыгышып, европа улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, кароо жүргүзүү учурунда денесинде жаракаттар табылып, киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал 38 жаштагы З.Б. экендиги аныкталып, Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип кылмыштын изи сууй электе  Аламүдүн районунун жашоочусу 48 жаштагы С.Ж. аттуу айым кармалган. Териштирүү учуранда кылмышка шектүү аял буга чейин соттолгондугу маалым болуп, окуя тууралуу айтып берген.

28-февралда түнкүсүн каза болгон З.Б. туугандары менен бирге отурушуп ичимдик ичишкен. Мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, 48 жаштагы аял бычак менен З.Б.ны сайып жиберген. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерден каза болгону маалым болгон. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү аял Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *