Аламүдүн районунда мал уурдого шектүү жарандар кармалышты

2018-жылдын 13-январь күнү Аламүдун районунун ички иштер бөлүмүнө Мраморное айылынын 51 жаштагы жашоочусу А.Ж. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 13-январына караган түнү Мраморное айылында жайгашкан сарайынан белгисиз адамдар анын 30 баш коюн уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси “Мал уурдоо” боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш аракеттеринин натыйжасында жогорудагы мал уурдоого шектелип, Тижикстан Республикасында туулуп өскөн жарандар 37 жаштагы К.И., 30 жаштагы М.Ф. жана Казакстан Республикасынын жараны 28 жаштагы С.Р. аттуу жарандар кармалышып,  териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандар Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагынан 42 бодо мал жана 85 майда мал жандыктарды уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *