Аламүдүн районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2017-жылдын 30-декабрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Кой-Таш айылынын 60 жаштагы жашоочусу Т.С. арыз менен кайрылып, 29-декабрда түнкүсүн бейтааныш адамдар анын короосунда байланып турган бээсин кулуну менен уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы Т.Т. кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.