Аламүдүн районунда мектеп окуучулар арасында тартип бузууларды алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрь күнү Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында “Тартип бузууларды алдын алуу” деген аталышта иш-чара уюштурулду.

Бул иш-чарага жергиликтүү кеңештин депутаттары, Аламүдүн районунун социалдык коргоо кызматкерлери, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Аламүдүн району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери, РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, ошондой эле №2 мектеп-гимназиясынын деректору жана анын тарбия иштери боюнча орун басары, милициянын жаш достору жана мектеп окуучулары катышышты.

Мындай иш-чаралардын максаты, окуучулар арасындагы тартип бузууларды жана өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү алдын алууга багытталгандыктан, алгач жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн инспекторлору, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуулар тууралуу лекция окушту. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликтер каралганын эскертишип, окуучуларды тартип бузбоого жана терс жолдорго барбоого чакырышты.

Мектеп окуучуларына эрте үй-бүлө куруунун терс жактары айтылып, кыздарды ала качуу, жашы жете электерди никеге мажбурлоо Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин негизинде жоопко тартылаары тууралуу айтылды.

Бул мектеп-гимназиясы РИИБдүн кызматкерлери менен тыгыз иш-алып баргандыктан тартип бузуууларды алдын алууга багытталган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет. Иш-чарада окуучулар кызыккан суроолорун ар бир кызматтардын өкүлдөрүнө беришип тиешелүү жоопторун алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *