Аламүдүн районунда милициянын таяныч пункту ачылды

Бүгүн, 2020-жылдын 1-декабрында, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында милициянын таяныч пункту ачылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы Саккараев Марс Намарбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана бергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, өздүк курамы  жана  жергиликтүү тургундар катышты.

Милициянын таяныч пунктунда жергиликтүү тургундар менен иштөө үчүн бардык шарттар менен жабдылып, бүгүнтөн тарта колдонулууга берилди. Бул имарат  ар кандай окуяларга өз убагында тез арада чара көрүүгө, укуктук жардам көрсөтүү жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле милиция кызматкерлеринин калк менен тыгыз иш алып баруусуна ылайыктуу баардык жабдуулар менен камыздалган.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү жемиштүү кызматташтыктары үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө медалдарды жана мактоо грамоталарды тапшырышты.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *