Аламүдүн районунда мурда соттолгон жаран бир нече уурулукка шектүү катары кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Пригородное айылынын 32 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнүн кулпусун сындырып киришип, үйүндөгү түстүү сыналгысынжана жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 50 миң сомду түзгөн.
Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Ууроо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын 35 жаштагы Ш.Т. аттуу жашоочусу кармалган.
Тергөөнун жүрүшүндө кармалган жаран мурда соттолгондугу аныкталып, ал Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча, Маевка айылдарында катталган уурулуктарга тиешеси бар экендиги аныкталган.
Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *