Аламүдүн районунда улгайган аялды тоноого шектүүлөр кармалышты

2022-жылдын 24-январында Аламүдүн районунун нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде тоноо фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо окуя болгон жерге чыгышып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда 24-январь күнү болжол менен саат 15:30 чамаларында белгисиз бет капчандар 1938-жылы туулган Р.Л. аттуу жарандын үйүнө киришип, үй ээсин коркутушуп, ага күч колдонушуп сейфин ачышып 150 миң сомдон ашык акчасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкени белгилүү болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган М.Б.,1994-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышып, кийин баш корго  чарасы үй камагына алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *