Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын декабрь айынын аягында арыз ээсинин үйүнө белгисиз адамдар киришип, анын зергер буюмдарын жана 100 миң сомун уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *