Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар колго түшүрүлгөн

2019-жылдын 7-июнь күнү Аламдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында уурулукка шектүү эки жаран кармалышкан. Ал 2018-жылдын февраль айынын аягында Аламүдүн районунун  Мыкан айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук болуп, ал жерден зер буюмдар жана башка кымбат баалуу буюмдар уурдалган. Андан сырткары үйдүн алдында токтоп турган автоунааны да айдап кетишкен. Бул окуя Аламдүн районунун ИИБнө катталып, кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында бир нече ыкчам иш-чаралар уюштурулган.

Аламүдүн районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кылдат иш-аракеттеринин негизинде шектүү адамдардын өздүгү аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү шектүү караты 27 жаштагы Ч.Б. жана О.М. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.  Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда, кармалган жарандардын башка да кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Шектүү жарандар үйлөргө уурулукка киришип, зер буюмдарды, тиричилик техникаларды жана башка баалуу буюмдарды уурдап жүргөнү маалым болгон.

Кармалган жарандар тергөө абагына камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *