Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 8-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү-Аларча айылынын 31 жаштагы жашоочусу И.А. арыз менен кайрылып, 7-март күнү болжол менен саат 21:30 чамасында анын үйүнө бейтааныш жаран дарбазасынан ашып кирип, үйүндө турган баасы 17 миң сомдук кол саатын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 45 жаштагы Ж.Б. кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *